Математика жана информатика жумалыгы
Ж.Сулайманкулов атындагы “Ырайым” орто мектебинин 2023-2024-жылдын январь айында математика жана информатика жумалыгы өтүлдү.
18-январда декаданын ачылышы болду. Ачылышында 5-6-класстын окуучуларынын катышуусу менен “Акыл таймаш” интелектуалдык оюну өткөрүлдү. Окуучулар 2 топко бөлүнүп 1-топтун окуучулары жеңишке жетишип, сыйлыктар менен сыйланышты. Джунушева Толгонай информатика сабагынан “Компьютер” деген темада ачык сабак өттү. Ал эми математика мугалими Сарыбаева Айзада математика сабагынан “Эң кичине жалпы бөлүнүүчүнү табууга карата мисал иштөө” деген темада ачык сабак өттү. Сабактар көрсөтмөлүү өттү, мугалимдер сабакка катышып, өз ойлорун айтышты. 24-январда декаданын жабылышы болду. Декаданын жабылышында 5-6-класстардын арасында “Математикалык КВН” болду. КВН 7 этап менен өткөрүлдү.
- Математикалык учкул сөздөр
- Математикалык табышмактар
- Макал-лакаптар
- Математикалык жаңылмачтар
- Эсеп чыгаруу
- Логикалык суроолор
- Информатика боюнча суроолор
КВНде 6-класстын окуучулары жеңишке жетишип, сыйлыктар менен сыйланышты. Ошентип математика жана информатика декадасы жыйынтыкталды.
Комментарии