Ички тартиби

Танапистердин ырааттамасы

Биринчи кезмет үчүн:

1-сабак           8.00-8.45    5 мин

2-сабак          8.50-9.35     5 мин

3-сабак          9.40-10.25   10 мин

4-сабак          10.35-11.20  20мин      (түшкү тамактанууга мүмкүнчүлүк)

5-сабак          11.40-12.25  5 мин

6-сабак         12.30-13.15

Экинчи кезмет  үчүн:

1-сабак          13.20-14.05    5 мин

2-сабак          14.10-14.55    5 мин

3-сабак          15.00-15.45    10 мин

4-сабак          15.55-16.40    5 мин

5-сабак          16.45-17.30

Биринчи класс үчүн:

1-сабак          08.00-08.40     5 мин

2-сабак          08.45-09.25     5 мин

3-сабак          09.30-10.10     15 мин

4-сабак          10.25-11.05     20 мин   (түшкү тамактанууга мүмкүнчүлүк)

5-сабак          11.25-12.05

Мектепке даярдоо классы үчүн:

1-сабак          12.30-13.05     15 мин

2-сабак          13.20-13.55     15 мин

3-сабак          14.10-14.45

Ички тартиби

Бардык  класстын окуучулары 5 күндүк окуу жумасы боюнча окутулат.

Окуу процесси 2022-жылы 1-сентябрда башталып 2023-жылдын 25-майында аяктайт.

Окуу жылынын узактыгы каникул мезгилдерин эсепке албаганда, 1-класста-33 окуу жумасын, 2-8-класстарда-34 окуу жумасын түзөт.

Каникул  мезгили 30 календарлык күндү түзөт.

Каникулдун    узактыгы төмөндөгүдөй:

-күзгү- 7 календарлык  күн: 2022-жылдын  31-октябрынан башталып, 6-ноябрга чейин, сабактар 2022-жылдын 9-ноябрында башталат;

-кышкы-12 календарлык күн: 2022-жылдын 30-декабрынан башталып, 2023-жылдын 10-январына чейин, сабактар 2023-жылдын 11-январында  башталат;

-жазгы – 10 календарлык  күн: 2023-жылдын 20-мартынан 29-мартына чейин,  сабактар 2023-жылдын 30-мартында башталат.

1-класстардын окуучулары үчүн 3-чейректе кошумча апталык каникул күндөрү берилет. Каникул  мезгилинде мугалимдердин эмгек акысы сакталат.

Кыргыз Республикасынын  мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын 58, 59-пункттарына ылайык 1-2- класстарда окуучулардын ийгилигин баалоо белги койбостон, сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат. Баалоо белгисин коюу 3-класстан баштап киргизилет.

1-класстын окуучулары үчүн сабактын узактыгы 40 мүнөттү, 2-9-класстар үчүн 45 мүнөттү түзөт. Кичине танапистер 5 мүнөттөн, ал эми тамактанууга мүмкүнчүлүк берүүгө, чон танапистер 15 мүнөттөн.

Мектеп эки сменада иштейт. 1-5- 9-класстарда сабактар 1-сменада уюштурулат. Окуу сабактары 8:00 дөн эрте эмес убакытта башталат.

Үй тапшырмалардын көлөмү (бардык предметтер боюнча) 2-3-кластарда-1,5 саат, 4-5-класстарда 2 саат, 6-8-класстарда-2,5 саатка чейин созулат.

Сабактардын жүгүртмөсү КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 «Коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» Токтомунун «Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарынын» №6 тиркемесинин 164, 165, 166, 167, 168, 169-п.п. ылайык  түзүлөт.

Жүгүртмө боюнча майрам күндөрүнө туш келип калып өтүлбөй калган сааттар мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилген кошумча жүгүртмө боюнча жакынкы күндөргө коюлат жана милдеттүү түрдө өтүлөт.

Мектеп компоненти боюнча кошумча сааттар кошулган жок.

2022-2023 окуу жылында 8 класс-комплект (1-8 кл).

Окуу процессин каржылоо «Ырайым» кайрымдуулук фонду тарабынан жүргүзүлөт.

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета