Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Сопиева Асель Такеновна Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Жыл сайын салтка айланган мугалимдердин майрамы быйыл да жакшы дэңгээлде өткөрүлдү. Окуучулар мугалимдерге арнаган ыр саптарын, обондуу ырларын жана бийлерди аткаруу менен, мугалимдерге жагымдуу маанай тартуулашты.