«Айтматов — ааламы» башталгыч класстардын декадасы.
Ж. Сулайманкулов атындагы «Ырайым» жалпы билим берүүчү мектебинин 2023/2024 окуу жылындагы башталгыч класстардын “Айтматов ааламы” декадасынын ачылышына арналган иш чара 12-декабрда өткөрүлдү. Бул иш чарада бардык башталгыч класстардын окуучулары активдүү катышышты. 4-класстын окуучулары Ч.Айтматов жөнүндө ыр айтышты, 1-класстар “Бүлдүркөн” ырын ырдашты, комуз күүсүн 3-4-класстын кыздары аткарышты, 2-класстын окуучулары “Ачык көңүл балдарбыз”, даярдоо классы “Ай чыкты карачы” ырын ырдашты.
“Ч. Айтматовдун чыгармалары сүйлөйт” 0-4-класстын окуучулары Сыймык Бейшекеевдин “Махабат сыры” ырынын коштоосунда “Кызыл алма”, “Жамийла”, “Кызыл жоолук жалажалым”, “Гүлсарат”, Эрте келген турналар, “Биринчи мугалим” “Ак кеме” чыгармаларын чагылдырышты.
Декаданын жүрүшүндө класстар аралык “Айтматов ааламы” аттуу сүрөт конкурсунда 2-4 класстар катышышты жана грамоталарга ээ болушту.
1-орунду 2-класстын окуучусу Догдурбаев Хамза, 2-орунду 4-класстын окуучусу Эркинбекова Хадича, 3- орунду 4-класстын окуучусу Райымбеков Мырза алды.жана дагы кызыктыруучу белектерге 3-класстын окуучусу Бектурова Назми жана 4 класстын окуучусу Жуманова Айбийке ээ болушту.
Андан сырткары башталгыч класстардын мугалимдери ачык сабактарды өтүштү:
Сопиева Асел Такеновна 1-класска алиппе сабагынан “Хх тыбышы” темасын, Майменкоджоева Жазгул Койчумановна 4-класска кыргыз тили сабагынан “Сөздүн түзүлүшү”, Сарыбаева Айзада Бектургановна дил азык сабагынан “Баарыңарга тапшырма”, Джумабекова Назик даярдоо классына “Л тыбышы” темаларын өтүштү.
“Айтматов ааламы” декадасынын жабылышында “Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин сыймыгы” викториналык акыл таймашы 3-4-класстар арасында болду жана таймаштын жеңүүчүлөрү 4-класстын окуучуларына “мактоо баракчасы тапшырылды”
конкурстун жыйынтыктары чыгарылды жана активдүү катышкан окуучуларга белектер берилди.
Комментарии