Алтын күз!
“Алтын күз” аталышындагы түшүм майрамы 2023-жылдын 31-октябрында болуп өттү.
Бул майрамда зал кузгу тематикада кооздолуп, окуучулар аткарган ыр, бий ж.б жараша кийиништи. Майрам эки бөлуктөн турду.
1-бөлүк ар бир класстын аткарган номерлеринен турду: “Күз жөнүндө ыр саптарын, табышмактар жана жер жемиштердин акыйнегин айтышты. Флеш моб бийи жана обондуу ырлар ырдалды. Комуздун коштоосунда “Пахтам” жана “Карагат” ырлары аткарылды. 6-класстардын аткаруусунда “Күз керемети” темасында тематикалык кийим көргөзмөсү уюштурулду.
Майрамдын 2-бөлүгүндө 3-6-класстардын окуучулары дайындап келген тамак аштарынан “Күз берекеси” жарманкесинен сатышты. Окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер жарманкеден таттууларды, даамдуу тамактарды сатып алышты.
Комментарии