Тарых жана география жумалыгы
2022-жылдын 18-ноябрынан 25-ноябрына чейин тарых жана география мугалими Кускакбаева Батма Дордошевнанын жетекчилиги менен Тарых жана география жумалыгы болуп өттү.
Декаданын жүрүшүндө 5-6-8-класстын окуучулары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда баатырдык көрсөтүп, Советтер Союзунун баатыры наамын алган Чолпанбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата «Чолпанбайдын эрдиги» деген темада инсценировка коюшту. Андан кийин Чолпанбай Түлөбердиевдин өмүрү жөнүндө видео көрсөтүлдү. Азыркы күндө да Чолпонбайдай баатырлар бар экендиги айтылып, Баткен согушунда эрдик көрсөткөн Эламан Ураимов жөнүндө видео көрсөтүлүп, 6-класстын окуучулары «Баткенимди сактайлы» деген темадагы ырды көркөм айтып беришти.
Класстарга ачык сабактар өтүлүп, Ормон хандын өмүрү жөнүндө видео көрсөтүлдү, андан кийин окуучулар «Ормондун хан шайланышы» деген темада сценка коюшту.
«Географиялык оюндар» деген иш чарада 5-6-8-класстын окуучулары учун ар кандай оюндар берилди.
Комментарии