Кош бол башталгыч класс!
19-майда 4-класстын окуучулары класс жетекчиси Сопиева Асел Такеновнанын жетекчилиги менен башталгыч класс менен коштошуу кечесин тартуулашты. Бул кечеде окуучулар ата-энелерине жана конокторго ыр ырдап, бий бийлеп, ыр, макал-лакап айтышты, мектеп жашоосунан сценка көрсөтүштү.
Сабак берген мугалимдерге жана мектепке ыраазычылык айтышты. кеченин аягында ата-энелер менен бирге тамактануу уюштурулду. Бүтүрүү кечеси эң жогорку деңгээлде өттү.
Комментарии