«Комуз күнү»
2023-жылдын 11-сентябрында Ысык-Ата районунун Кант шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен белгиленген “9-сентябрь Комуз күнүнɵ” карата Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган райондук иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага айыл аймактардагы 12 жаштан баштап 80 жашка чейинки 150 комуз өнөрпоздору өз өнөрүн тартуулашты.
Бул иш-чарага биздин мектептин Сарыбаева Айзада Бектургановна жетекчилик кылган «Кербез» тобу дагы катышты.
Комментарии