Максаты: окуучулардын эне тилин үйрөнүүгө жана сактоого болгон кызыгуусун арттыруу, өз элинин маданиятын жана каада-салттарын урматтоого тарбиялоо. Интернационализмди, мекенчилдикти, толеранттуулукту тарбиялоо, балдардын сүйлөөсүн өнүктүрүү, эне тилине аяр мамиле кылуу сезимин калыптандыруу. 21.02.2023-ж. салтанаттуу Линия жыйындар залында өткөрүлдү. Мектептин бардык окуучулары жана мугалимдери катышты. 5, 6, 8-класстын окуучулары эне тилинин мааниси жөнүндө ырларды жатка айтышты. Эне тили жөнүндө, эне тили адамдын жашоосунда кандай мааниге ээ экендиги жөнүндө сөздөр айтылды. Окуучуларды эне тилинде кооз, түшүнүктүү сүйлөөгө үндөштү. Эне тили менен катар башка тилдерди билүү жана үйрөнүү. Ошондой эле кыргыз, орус жана англис тилдеринде ырлар аткарылды.
Комментарии