Биология жумалыгы
Биология жумалыгынын негизги максаты — окуучулардын биология илимине болгон кызыгуусун арттыруу, табиятка, жаратылыш мыйзамдарына болгон сүйүүсүн жана урмат-сыйын калыптандыруу. Ошондой эле, окуучулардын биологиялык билимдерин тереңдетүү, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана чыгармачылык жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.
Бул жумалык аркылуу:
Окуучулар биология илиминин ар кандай тармактары менен таанышып, жаңы маалыматтарды өздөштүрүшөт.
Атайын уюштурулган иш-чаралар аркылуу табиятты коргоого, экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталган тарбиялык иштер жүргүзүлөт.
Жарыштар, викториналар, сүрөт көргөзмөлөрү жана темалык долбоорлор аркылуу окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн көрсөтүшөт.
Комментарии