Билим күнү
Иш-чаранын максаты: Жаңы окуу жылынын салтанаттуу ачылышы, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн майрамдык атмосфера түзүү, ошондой эле мектеп окуучуларын алдыдагы жылда ийгиликтүү окууга шыктандыруу. 2-сентябрь, 2024-жылы 9:00дө Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка башталды. Линейкага 0-6-класстын окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер катышты. Линейка КР Гимни менен ачылып, андан соң мектеп директору куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп. Ошондой эле ата-энелер жана «Ырайым» фондунун өкүлү, Аман Сейитович саламдашуу сөздөрү менен чыгып сүйлөштү. 1-6-класстын окуучулары иш-чаранын конокторунун алдында ыр-бийлерди аткарышты. Салт боюнча бардык катышуучуларга 1-класстын окуучулары берген биринчи сабакка коңгуроо кагылды.
«Билим — күч» темасында класстык сабактар өтүлдү. Сабак патриоттук жана мотивациялык багытта болгон,
Билим алуунун маанилүүлүгү, жеке жетишкендиктери жана келечектеги пландары талкууланды.
Окуучулар чоң салым кошкон улуу инсандар тууралуу маалымат алышты,
быйыл 100 жылдыгын белгилеп жаткан Кыргыз Республикасынын түзүлүшү боюнча маалымат алышты.
Билим күнү ийгиликтүү өттү, бардык пландаштырылган иш-чаралар аткарылды. Майрам бардык катышуучулар үчүн позитивдүү эмоцияларды калтырды.
Комментарии