Общеобразовательная школа "Ырайым" имени Жапара Сулайманкулова Жарбашы айылынын Жапар Сулайманкулов атындагы"Ырайым" жалпы билим беруу орто мектеби

О нас

(Эта страница для русской версии сайта)

Мектептин тарыхы

Жарбашы айылында бир да мектеп болгон эмес. Бул айылдын окуучулары буга чейин айылдагы медициналык пункттун кичинекей болмосундо экиден класс бирге отуруп билим алып келишкен. Жакынкы айылдагы мектептин аралыгы 7 км. Транспорттук каттам кунуно 3 жолу каттайт. Окуучулардын кошуна айылдан барып билим алуусу кыйынга турду. Айылдын тургундарынын суранычы менен 2006-жылы эки  кабаттуу чакан мектеп  салынып, 2007-жылы колдонууга берилген. Мектептин курулушуна Токмок шаарындагы «Ырайым», «Жакан-Ата» кайрымдуулук фонддорунун салымы чон жана учурда бардык чыгымдар ушул фонддун эсебинен жургузулот. Мектеп 2008-жылдын 1-сентябрында ачылган.  160 окуучуга ылайыкталган. Мектепте сабактар   кыргыз тилинде окутулат. Бул мектептин аталышы Жарбашы айылынан чыккан, согуш учурунан тартып балдарга билим берген жалгыз мугалим, Жапар Сулайманкулов атанын наамын алып журот. Мектепте 2018-жылдан тартып «Наристе» 480 саат балдарды мектепке даярдоо классы ачылган жана башталгыч, негизги жалпы билим берет.

Мектептин  ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, баланын укуктарынын Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим жѳнүндѳ” мыйзамынын, мектептин Уставынын негизинде жүргүзүлѳт.

Эмблема

О нас

 

Мектептин концепциясы

Мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу. Адеп-ахлактык тарбия берууго багытталган.

 

Мектептин усулдук темасы

«Айыл жериндеги окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, ар тараптуу инсан катары онуктуруу»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета