Нооруз
Сөз, эске тутуу, актердук чеберчиликти өнүктүрүү, коммуникативдик көндүмдөрдү калыптандыруу, өз өлкөсүнүн майрамдарына жана каада-салттарына кызыгууну жана урматтоону тарбиялоо, баарлашуу маданиятын өнүктүрүү максатында 2023-жылдын 17-мартында «Нооруз»майрамына арналган чакан концерт өткөрүлгөн. Кыргыздын «Баланы бешикке салуу» (баланын бешиги) салты сахналаштырылып, окуучулар тематикалык ырларды ырдашты, кыргыз бийлерин бийлешти, макал-лакаптарды айтышты, комузда ойношту.
Комментарии