Химия, биология жумалыгы
Балдардын предметке болгон кызыгуусун арттыруу, таанып-билүү активдүүлүгүн, горизонтторду калыптандыруу, окуучулардын чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023-жылдын 6-мартынан 15-мартына чейин биология жана химия жумалыгы өткөрүлдү. Жумалыктын алкагында ачык сабактар, класстан тышкаркы иш-чаралар өткөрүлдү. 5,6,8-класстын окуучулары үчүн «Билгичтер» конкурсу өткөрүлдү. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана бардык катышуучуларга мугалим тараптан таттуу белектер таратылды.
Комментарии