8-март — Айымдардын Эл аралык майрамы
Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана активдүүлүгүн өнүктүрүү, эстетикалык маданияттын негиздерин тарбиялоо максатында, 2023-жылдын 7-мартында «Жаз Периси» аттуу майрамдык маанайдагы кыздар аралык сынак өткөрүлдү. Сынакка 4, 5, 6, 8-кластын окуучу кыздары катышышты. Саламдашуу, көркөм окуу, ырдоо, комузда ойноо ж.б. өз өнөрлөрүн көрсөтүштү , ошондой эле викториналык суроолорго жооп беришти. Бардык катышуучуларга мугалим тараптан таттуу белектер таратылды.
Комментарии